Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата Бишкектеги Ала Тоо аянтында мамлекеттик туу көтөрүлдү.
Мамлекеттик тууну көтөрүү салтанатына президент Садыр Жапаров катышты.
Андан соң Садыр Жапаров мамлекет өнүгүү жолуна түшкөнүн баса белгиледи.
«Кумтөрдүн» мамлекетке өтүшүн белгилеп, Кыргызстанда акыркы убактарда бир канча ишканалардын ишке киришин оң жетишкендик деп баалады.
Эске салсак, быйылкы эгемендүүлүк майрамынын алдында «Ынтымак Ордо» — президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышы болду.
Мындан тышкары өкмөт 40 өндүрүштүк ишкана, 60 социалдык обьект ачылганын билдиришүүдө.