• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ала-Тоо аянтында Жаңы жылды тосуу салтанаты кечки саат сегизде башталат

31 Бештин айы 2019 17:08 Бишкек Govori.TV

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында Жаңы жылды тосуу салтанаты кечки саат сегизде башталат.

Мэриянын маалыматына караганда, Маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын концерттик программасы тартууланат.

Ошондой эле эстрада ырчылары Аяна Касымова, Иса Өмүркулов, Султан Каримов, Динара Акулова, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков, Расул Маматкулов, Бактыяр Токторов, Салтанат Аширова, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Омар, Арсен, Марс Мамаев белгилүү чыгармаларын аткарып беришет.

Коомдук автотранспорт түнкү саат 2ге чейин иштейт.

Троллейбустар сегиз багыт боюнча каттамдарды кечки саат 10до башташат.

Ал эми 1-январда саат эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин 74 троллейбус жүргүнчү ташыйт.

Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чара аяктаганча “Тез жардам” жана өрткө каршы кызмат күзөттө болот.

Количество просмотров: 82