• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ала-Тоо аянтында элдик күүлөр жана ырлар жаңырат

25 Кулжа 202618:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун жайкы кечтерди ачык асман алдында жандуу музыка, улуттук маданият жана чыгармачылык дем менен коштолгон жагымдуу маанайда өткөрүүгө чакырат.

Борбордук Ала-Тоо аянтында ар жума жана ишемби күндөрү мыкты чыгармачыл жамааттарынын катышуусунда музыкалык кечелер уюштурулуп, шаардыктарга борбор калаанын ортосунда өнөр дүйнөсүнөн ырахат алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

26-июнда саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында «Семетей» ыр жана бий ансамбли менен «Акак» комузчулар ансамблдери өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Кеченин программасында — элдик күүлөр, комузда кол ойноткон виртуоздук аткаруулар, вокалдык номерлер жана кыргыз маданиятынын байлыгын чагылдырган улуттук бийлер орун алат.

27-июнда саат 19:00дө музыкалык эстафетаны «Доор» жана «Кыргыз Руху» фольклордук ансамблдери улантышат. Көрүүчүлөр үчүн кыргыз элинин руханий мурасын чагылдырган салттуу чыгармалар, ошондой эле элдик чыгармачылыктын заманбап багыттагы аткаруулары тартууланат.

Количество просмотров: 7