• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Ала-Тоо» аянтындагы салтанатта министр президенттен сөгүш алды

7 Баш оона 2021 16:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-августта Олимпиада оюндарынан кайтып келген кыргыз спортчуларын тосуп алуу аземи учурунда президент Садыр Жапаров «Ала-Тоо» аянтында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге сөгүш берди. Буга Олимпиада оюндарында медалга ээ болгон 3 спортчунун бирине сөз берилип, Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазаровага сөз берилбей калганы себеп болду.

Аянтка чогулган эл күмүш медаль жеңген Акжол Махмудовдун ысымын кыйкырып, сөз сүйлөшүн суранышты.

Маданият, спорт жана жаштар министри алардын суранычы боюнча Акжолго сөз берди. Андан кийин коло медаль жеңген Мээрим Жуманазарова сүйлөдү.

Садыр Жапаров уюштуруучулар тарабынан кемчилик кетип, медаль уткан спортчуларга өз убагында сөз берилбей калганын, анын талабы менен Мээримге дагы сөз берилгенин айтып, маданият, спорт жана жаштар министри Кайрат Иманалиевге сахнадан сөгүш жарыялады.

«Урматтуу кыргыз элим, өкмөттүн аппаратынын уюштуруучуларынан анча-мынча ката кетип калат. Мен өзүм дагы байкабай калыптырмын, эки медаль ээлерине сөз берилбей калганына. Азыр атайын чакырып аларга да соз бердирдим. Сиздердин алдыңыздарда министрге сөгүш жарыялап кетейин», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 2397