Бүгүн, 11-январда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында сахна жана музыкалык жабдыктар орнотулуп жатат.
Уюштуруучулардын айтымында, бүгүн аянтта президенттик шайлоого байланышкан иш-чаралар уюштурулат. «Бул бир эле талапкердин жеңиши эмес. Бул — элдин жеңиши», — дешет алар.
Милиция Чүй проспектисинин аянтка кирүүчү бөлүгүн, Орозбеков жана Разаков көчөлөрүн жаап салды.
Эске салсак, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.
Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.
Адахан Мадумаров — 6,60%, Бабыржан Төлбаев — 2,31%, Мыктыбек Арстанбек — 1.66%, Абдил Сегизбаев — 1.46%, Имамидин Ташов — 1.19% добуш ашылса калган талапкерлерлин добуштары 1 пайыздан төмөн болду. Ал эми баарына каршы шайлоочулардын 1,32% өз добушун берди.