Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев «Жыргалаң» тоо курортундагы «Ала-Тоо Резорт» ири долбоордун курулушу менен таанышты.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жылына 2 миллионго чейин конокторду кабыл алууга эсептелген комплекстин 3D эскизи даярдалды.





Башкы план жана долбоорлоо документтери шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте иштелип чыккан. Учурда долбоорлоо иштери аяктап, курулуш иштери башталды.
Белгилей кетсек, аталган ири долбоор президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип, учурда курулуш иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларына 2028-жылга чейин «Ала-Тоо Резорт» деп аталган курорт салуу пландалууда. Анын биринчи фазасы 2026-жылдын декабрында ишке берилери айтылган.