• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

«Ала-Тоо Резорт» тоо кластери курула турган аймактагы жерлер аукционго коюлат

19 Кулжа 202517:43 Бишкек Govori.TV

Ак-Суу районунда мамлекеттик маанидеги жыл бою иштей турган «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери долбоорунун алгачкы этабын ишке ашыруунун алкагында «Жыргалаң» тоо лыжа базасынын төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан жер тилкелери аукционго коюлат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик билдирди.

Аукционго жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн жер тилкелери коюлду. Ал жерге ата мекендик жана чет элдик инвесторлор 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманканаларды, VIP-коттедждерди, этно-таунхаустарды, ресторандарды, кафелерди, SPA-комплексин жана башка коммерциялык объектилерди кура алышат.

Жер тилкелеринин баштапкы баасы 3 млн 67 миң 200 сомдон 336 млн 960 миң сомго чейин. Курулуш объектисин сатып алуучунун жер тилкесине менчик укугун каттаган күндөн тартып 2 жылда пайдаланууга берүү керек.

Ар бир жер тилкеси боюнча төмөнкүлөр бар:

  • укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтер;
  • бекитилген план;
  • өздөштүрүү шарттарынын тизмеси;
  • рыноктук наркка көз карандысыз баа берүү;
  • кыймылсыз мүлк бирдигине чектөөлөрдүн жана милдеттенмелердин жоктугу жөнүндө маалым кат.
Количество просмотров: 260