• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Алагөзов Бишкек мэри кызматтан алынбаганын айтты

24 Аяк оона 20250:57 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактардагы Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматынан алынды деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу Алагөзов фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматынан алынды деген маалымат тарап жатат. Бул маалымат чындыкка дал келбестигин расмий билдирем.
Ошону менен бирге коомчулукка да кайрылгым келет.
Ири шаарлардын жетекчилери, министрлер жана башка кызмат адамдары Президенттик шайлоо өткөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат. Алардын ишинде олуттуу кемчиликтер же мыйзам бузуулар аныкталган шартта гана өзгөчө учур болушу мүмкүн.
Бул убакка чейин эч кандай кадрдык алмашуулар, анын ичинде кызматтан кетүүлөр же дайындоолор пландалган эмес. Мындай ыкма учурдагы команданын ишинде туруктуулукту жана ырааттуулукту сактоого багытталган.
Ушуга байланыштуу жарандарды, ЖМК өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды жана ар кандай ушактарды жайылтуудан карманууга чакырам», — деп жазды ал.

Количество просмотров: 181