• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алагөзов: Кийинки жылдан тарта 4 самолёт бардык аймактарга учат

29 Тогуздун айы 202414:53 Бишкек Govori.TV

Аэропорт ички каттамдарды тейлөө үчүн сатып алган 4 самолёттун экинчиси бүгүн кечинде, үчүнчүсү январда, төртүнчүсү майда келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди

Анын айтымында, 2025-жылдын май айынан баштап 4 самолёт бардык аймактарга учуп, элге толук кызмат кыла башташат.

«30 жылдан бери токтоп турган Талас, Нарын, Каракол, Казарман, Кербен аэропорттору иштей баштайт. Азыр алардын баары самолетторду кабыл алууга даяр болду. И баса, келээрки жылдары Токтогул аэропорту да оңдоодон өтүп, келечекте самолётторду кабыл алат. Өлкө боюнча кичи авиация жанданып жатат. Жакынкы аралыктарда кичи учактар үчүн илгерки «кукурузниктер» пайдаланган кичи аэродромдор иштей баштайт», — деди ал.

Количество просмотров: 138