• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Алай футбол клубунун машыгуу жана кичи футбол аянтчасынын ачылышы болду

11 Бештин айы 2022 13:18 Бишкек Govori.TV

Күн мурун, 10-декабрда Ош шаарында футбол академиясын түзүү комплексине кире турган «Алай» футбол клубунун машыгуу жана кичи футбол аянтчасынын ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, Ош шаарынын жана Ош облусунун футбол ассоциациясынын төрагасы Тимур Абдуллаев, “Алай” футбол клубунун директору Улан Алымканов, машыктыруучулар, футболчулар катышты.

Катышуучулар машыгуу талаасынын ачылышы менен “Алай” ФКнын негизги жана резервдик курамдары үчүн жыл бою машыгуу үчүн шарттар жакшырарын белгилешти.

Белгилей кетсек, бул жерде стадиондун инфраструктурасын жакшыртуу, анын ичинде трибуналардын астындагы жайларды оңдоо, кийим алмаштыруучу жайларды жана болочок академиянын жаш футболчуларын даярдоо үчүн класстарды ачуу иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, душ бөлмөлөрүн оңдоо аяктап, көптөн бери биринчи жолу чыгыш жана түндүк тарабындагы трибуналардын аягы ремонттолду. Оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн медициналык кабинет пайдаланууга берилип, кир жуучу жай ачылды.

В.Рыскулова Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун атынан бул объектинин ачылышы менен куттуктап, Ош шаарынын мэриясы жана муниципалдык кызматтар тарабынан “Алай” футболдук клубунун базасында футбол академиясын уюштуруу үчүн белгиленген пландарды ишке ашырууга зарыл колдоолор көрсөтүлөрүн белгиледи.

Айрыкча, бул иштин өзүнчө бир багыты болуп “Алай” ФКнын базасында аялдардын футбол командасын түзүү саналат. Бул клубга болгон кызыгууну дагы да арттырары талашсыз.

Иш-чаранын алкагында мында спорт зал, воркаут аянтчасын түзүү, үчүнчү кичи футбол аянтчасын куруу, спорттук кийимдерди жана спорттук тамак-аш дүкөндөрүн уюштуруу маселелери көтөрүлдү. Жалпысынан спорт шаарчасын түзүү, 300дөн ашык орундуу футбол академиясын ачуу максатында аталган кичи райондо спорттук инфраструктураны өнүктүрүү пландалууда.

Эскерте кетсек, бул иштер мурунку мэр Алмаз Мамбетовдун демилгеси жана колдоосу ишке ашты.

Количество просмотров: 958