• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Алайда 16 жаштагы кыз апасынын өлүмүнө шектелүүдө

29 Чын куран 2020 16:05 Бишкек Govori.TV

Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүндөгү 10-класстын окуучусу апасынын өлүмүнө шектелүүдө. Бул тууралуу Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 24- апрель күнү болгон. Анда 16 жаштагы кыз апасы менен уруша кетип, эшикке илинүүчү темир кулпу менен апасынын башына 2-3 жолу уруп, башка бөлмөгө кирип жатып алган. Жаракат алган 52 жаштагы апасы кансырап, жаткан жеринде каза болгон.

«25-апрель күнү саат 10:00 чамасында Алай районунун Жошолу айыл аймагындагы айылдардын биринде 52 жаштагы аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, жогоруда айтылган маалыматты аныкташкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми кылмышка шектүү катары маркумдун кызы кармалып, 2 айга камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Алдын-ала маалыматка караганда, маркумдун жолдошу 7-8 жыл мурун дүйнө салган. Маркум аял көп жылдардан бери ичкиликке берилип жүргөн. 

Количество просмотров: 1538