• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Алайда аскердик тик учак кулады

4 Кулжа 202115:43 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Алай районунун тоолоруна бүгүн, 4-июнда аскердик тик учак кулады.

Алдын ала маалыматка караганда, тик учакта учкучтар менен чогуу 15 адам бар болчу. Учкучтар тик учакты шашылыш кондурууга мажбур болушкан. Кырсыктын кесепетинен бир нече адам жеңил жаракат алды. Оор жаракат алгандар жок.

Тик учак Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнө таандык. Ал Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасына учуп бара жаткан.

Количество просмотров: 454