• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Алайда дудук балдарга кол көтөрүү фактысы боюнча бир киши кармалды

8 Бугу 201912:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.

Алай районунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата жасалган бейбаштык фактысы боюнча шектүү катары 37 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 3-майында Алай районунун Корул айыл аймагынын Кең-Жылга айылынын тургундары тарабынан “бала уурдаганы келдиңер”,- деп айыпталып, сабалган 4 жигит Ош облустук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Соттук-медициналык экспертизанын негизинде, 3 баланын атасы, эч жерде иштебеген, мурда соттолбогон, К.Ж.Кны шектүү катары сурак берүүдө.

Эске салсак, май айынын башында Алай районуна караштуу Корул айылынын тургундары үч дудук жигитти бала уурдаган деп айыптап, тепкиге алганы тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк милиция ал жигиттер орозо айына карата жылсанак сатканы барышканын, алар өз максатын түшүндүрө албай, ур-токмокко алынганын маалымдаган. Ош облустук ички иштер башкармалыгы аларды тепкиге алган айыл тургундарынын үстүнөн иликтөө иштерин баштаган.

Тепкиге алынган дудук балдардын жакындары 6-май күнү Ош шаарынын борбордук аянтына нааразылык акциясына чыгып, бул окуяны мыйзамдуу териштирүүнү бийликтен талап кылышкан.



Количество просмотров: 17