• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Алайда кар көчкү алдында калган өспүрүмдү издөө иштери токтотулду

3 Чын куран 202119:41 Бишкек Govori.TV

Алайда кар көчкү алдында калган өспүрүмдү издөө иштери ата-энесинин уруксаты менен токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-апрелде болжол менен саат 13:30да Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган Э. уулу Б. аттуу бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон.

Бүгүн жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден 29 куткаруучу жана ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылган. Тилекке каршы натыйжа болгон эмес.

“Бүгүн жоголгон баланын ата-энесинин макулдугунун негизинде издөө иштери токтотулду”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1468