• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алайда мал кайтарып жүрүп жоголгон 14 жаштагы баланын сөөгү табылды

10 Чын куран 202114:00 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Алай районунун Терек айылында кар көчкү алдында калган 14 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Баланын сөөгү бүгүн, 10-апрелде эртең мененки саат 09:20да кар көчкү алдынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Ош облусунун Алай районунда 2-апрель күнү Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылында болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон.

Количество просмотров: 239