• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Алайда өрттөн бир киши каза болду

8 Чын куран 202116:37 Бишкек Govori.TV

Ош облусуна караштуу Алай районунда үй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 13:33тө Гүлчө айыл аймагынын Гүлчө айылындагы борбордук базарынын артында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Тилсиз жоо саат 13:44тө чектөөгө алынып, саат 14:04тө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 102 чарчы метрди түзгөн.

«Өрттөнгөн турак үйдөн 1965-жылы туулган эркек кишинин күйүп кеткен сөөгү табылып, Алай райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда өрттүн чыгуу себеби жана чыгымы такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 99