Алайда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
20-апрель күнү саат 17:45тер чамасында жааган мөндүрдүн кесепетинен Ош облусунун Алай районунун Тилектеш айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында 5 кокту-колоттон сел жүрүп, 34 турак үйдүн короосун каптаган. Анын ичинен 5 турак үйдүн жана мектептин жертөлөсүнө сел суусу кирген.
Мындан сырткары, ички чарбалык унаа жолдун 5 жерин сел каптаган, учурда жол каттамы ачык. Ал эми сел түшкөн коктулардагы ички көчөлөр жабык.
Бүгүн селдин кесепеттерин жоюу иштерине Алай райондук ӨК бөлүмүнөн 15 куткаруучу, ӨКМЖБД 3 кызматкер, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 50 кызматкер, айыл өкмөтүнөн 10 кызматкер, 2 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 20 жаран, суу чарба кызматынан самосвал тартылды. Кошумча маалымат берилет.