Бүгүн, 13-майда КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнө барып, сел алып кеткен көпүрөнүн жана көчкү кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты.
Өкүлчүлүктөн билдиргендей, Жамалдинов селдин кесепетинен урап түшкөн Будалык айыл өкмөтүндөгү ички көпүрөнү тезинен калыбына келтирүү тапшырмасын берип, өкүлдүн резервдик фондунан 100 миң сом каражат бөлүп берди.
Ошондой эле райондун борбору менен байланыштырган негизги жолду көчкүдөн тазалоо иштерин тезинен бүтүрүп, калыбына келтирүү зарыл экенин айтты.
Белгилей кетсек, 11-12-май күндөрү жааган жаандан улам Алай районунун Будалык айыл өкмөтүндө сел жүрүп, ички көпүрөнү алып кеткен.