Аламүдүн капчыгайында жоголгон Маматалы уулу Мухаммедалыны издөө токтотулду. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Маалыматка ылайык, 10 күндүк тынымсыз издөө иштерин жүргүзгөнү үчүн жоголгон адамдын жакындары ӨКМ, ИИМ кызматкерлерине ыраазычылык билдиришкен.
Эске салсак, 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухаммедалынын дайынсыз болуп жатканы тууралуу 16-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдирүү түшкөн.
Жигиттин таңга маал тоо тарапты көздөй баратканы Аламүдүн капчыгайындагы «Жаннат Резорт» мейманканасынын камерасына түшүп калган.