• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө 300дөн ашуун адам тартылды

19 Үчтүн айы 2024 11:02 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн коктусунда дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, издөө иштерине жалпы 312 адам чыкты. ӨКМдин курамында кинологдор болгон 188 куткаруучусу 10 дрон менен, ИИМден 120 кызматкер 2 дрон, Инсараг тобунун 4 адиси 2 дрон менен издөө ишин алып барууда.

Эске салсак, 14-январда 28 жаштагы Маматалы уулу Мукамбеталы дайынсыз жоголгон. Ал акыркы жолу 15-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле анын Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

Количество просмотров: 111