Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо иштери аяктап, Ала-Арча дарыясын тазалоо иштери башталды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо иштери аяктады. Бардыгы болуп 11 км дарыянын нугу тазаланып, HOWO үлгүсүндөгү самосвалдын 2100 рейси аткарылып, 46 822 тонна таштанды чыгарылды. Дарыя жээктерин бекемдөө үчүн 4287 тонна шагыл төгүлгөн.
Белгилей кетсек, Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан тиешелүү уруксат документтери жок дарыянын жээгинде жайгашкан 16 объект демонтаждалган.