• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аламүдүндө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

19 Бугу 2022 16:32 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер органдарына бир нече жарандар арыз менен кайрылышкан. Россия Федерациясынан жумуш таап берем деп алдоо жолу менен 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча каражат алып, качып жүргөн Чыңгыз аттуу жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык)
негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Аталган жаранды аныктоо жана кармоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бул кылмышка шектүү делип, Т.Ч. атту жаран кармалган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын Аламүдүн районунун аймагындагы алдамчылык боюнча 7 фактыга тиешеси бар экендиги
аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, кармалган жарандын дагы ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда. Буга байланыштуу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү бул жарандан жапа чеккен жарандарга кайрылып, ички иштер органдарына төмөнкү телефондор аркылуу байланышууга
чакырат: Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмү 0312 36 35 27, 0312 36 35 23,
102.

Количество просмотров: 138