• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аламүдүндө бейбаштыкка шектелип 6 жигит кармалды (сүрөт)

17 Аяк оона 2022 11:06 Бишкек Govori.TV

Аламүдүндө бейбаштыкка шектелип 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук милициясына 22 жаштагы А.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал арызында 2022-жылдын 16-сентярында Лебединовка айылында белгисиз алты адам ур-токмокко алып, окуя болгон жерден качып кетишкенин билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүү жарандар аныкталып, 21 жаштагы Э.Ч., 20 жаштагы М.С., 22 жаштагы А.А., 23 жаштагы И.М., 23 жаштагы. К.А., 24 жаштагы Б.А. аттуу жарандар кармалды. Шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 611