• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аламүдүндө сууга түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделүүдө

19 Үчтүн айы 202310:19 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда сууга түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Дордой-2 конушунун аймагынан агып өткөн кичи Чүй каналына 2013-жылы туулган Б.Ө. аттуу жаш бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу, туугандарынан жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган, издөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 85