Чүй облусунун Аламүдүн районунда тоноочулукка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Өткөн жылы декабрь айында жана үстүбүздөгү жылдын январь айында Аламүдүн районунун аймагында 3 аял киши тонолгон. Тактап айтканда белгисиз эркек балдар аялдарга күч колдонуп, телефондорун тартып алып, окуя болгон жерден качып кетишкен.
Бул окуялар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында түнкүсүн аялдарды тоноого шектелип 20 жаштагы Б.М. жана буга чейин бир нече жолу соттолгон 21 жаштагы К.Д. кармалган.
Учурда кармалган жарандардын мындан башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилип жатат.
Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.