Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Полевой айылында жаңы заманбап мечит ачылып, жалпы элге пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Заманбап салынган мечит «Ас-Санабил» кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, 200 орунга ылайыкташкан. Мечит менен кошо жаш өспүрүмдөрдүн таалим-тарбия алышына да ылайыкталып, эки бөлмөлүү чакан окуу корпус курулду.
Бул соопту иш-чаранын ачылыш аземине аталган фонддун өкүлү Доктор Мухаммад Маазы, КМАКтын мүчөсү Тажидин ажы Байтеитов, Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов, жергиликтүү бийлик өкүдөрү жана жалпы жаамат катышты.