• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Алайда сел жүрүп, жол жабылды

12 Теке 202423:19 Бишкек Govori.TV

Алай районундагы Гүлчө-Корул-Суук-Дөбө унаа жолунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп (8-чакырымы), жол жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жерине жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылууда. Кошумча маалымат берилет.

Ошондой эле, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 74-76-чакырымдар аралында каттам үчүн кыйынчылыктар жаралып, жол бир тараптуу болуп калган. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 315