Бүгүн 19-июлда Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдирди.
Эске сала кетсек, шаар башчысы 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда экени расмий кабарланган.
Бирок Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.
Белгилей кетсек, «ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан. Бул факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу») менен кылмыш иши козголгон. Ал эми Ибраимовдун биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду УКМК 6-июлда жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу козголгон иш боюнча камакка алынган.