• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Албек Ибраимовду кантип кармап кетишкен. Бишкекте “Бир саатта жүз элечек оройбуз!” акциясы өтөт. Соңку жаңылыктар 20.07.18.

20 Теке 2018 14:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.07.2018. Govori.TV

Албек Ибраимовду кантип кармап кетишкен
Аламүдүн районунун Арашан айылынын жашоочулары Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовду кантип кармап кетишкендигин айтып беришти. УКМКнын спецназы жана кызматкерлери Арашан айылына саат 13:00 чамасында келишкен. Албек Ибраимовдун үйү айылдын четинде жайгашкан. Күбөлөрдүн айтымында, алгач айылдын аймагында байланыш түйүнү жоголду жана Ибраимовдун үйүнүн күзөтчүлөрү дагы рациялар иштебей жаткандыгын айтышты. Бул убакта спецназ үйдүн аймагына кирип, күзөтчүлөрдү нейтралдаштырган. Андан кийин алар Ибраимовду үйдөн чыгарып, унаага отургузуп, Бишкек шаарына алып келишкен.
Чүй ОИИББинин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаевге бычак сайган аялы үй камагына чыкты 
Чүй ОИИББинин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаевге бычак сайган жарандык никедеги аялы үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.»Нурлан Сарчаевдин аялы кечээ, 19-июлда Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. Ага карата алгач козголгон 234-беренеси (бейбаштык) 104-беренеге (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) алмаштырылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деди маалымат катчы.Эске салсак, 17-июлда Нурлан Сарчаев бычактан жаракат алып Чүй облустук ооруканасына жеткирилип, ага операция жасалган. Нурлан Сарчаев Жайыл РИИБинде каза болгон Бурулайдын окуясынан кийин кызматтан алынган.
“Бир саатта жүз элечек оройбуз!” акциясы өтөт
Бишкекте кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими элечекти даңазалаган иш-чара өткөнү жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын уюштуруучусу, “Кийиз дүйнө-элечек” долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова билдирди. Асангулованын айтымында, акция “Оймо-2018” фестивалынын алкагында, Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналып өткөрүлөт. Элечек кыргыз көчмөн маданиятынын ажырагыс элементи. Элечек ороо 2013-жылдан тарта кайрадан жанданып, көп аялзаты кийип баштады. Анын көптөгөн түрлөрү энелердин жардамы менен оролуп, жалпы эл элечек тууралуу көп маалымат ала баштады. Элечек орогон кыз-келиндердин да саны өсүүдө-дейт Асангулова. Бир сааттын ичинде 100 элечек ороо иш-чарасы 26-июлда Бишкекте Курманжан датканын эстелигинин алдында өтөт. Ага бардык каалоочулар катыша алат.
Количество просмотров: 10