Албек Ибраимовдун соттук процесси жабык өтүп жатат
Албек Ибраимовдун соттук процесси жабык өтүп жатат
12 Аяк оона 201811:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.09.2018.Govori.TV
Бишкек шаардык соту мурунку мэр Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн узартуу тууралуу иш боюнча жактоочу Сергей Слесаревдун арызын карап жатат.
Отурумга чейин эле соттук процесс жабык түрдө өтүүдө. Тартип сакчылары залга болгону жактоочуну гана киргизишерин айтышты.
Ал эми Албек Ибраимовдун тарапташтары каршы чыгышып, жактоочу аларсыз отурумга кирбей тургандыгын билдиришүүдө. Сергей Слесарев чогулгандардын пикирине ортоктош экенин айтты.