• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Албек Ибраимовдун соту 30-январга жылды

28 Үчтүн айы 201915:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.01.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 28-январда Октябрь райондук сотунда Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум болуп бирок, айрым айыпталуучулардын жактоочулары сотко келбей калгандыгына байланыштуу сот отуруму 30-январга жылдырылды.

Эске салсак, 2018-жылдын 28-майында УКМК тарабынан “Дастан” ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурдагы сатып алуулар боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. 23-июлда Албек Ибраимовго карата УКМК тарабынан Бишкек шаарындагы жер тилкелерге байланыштуу коррупция боюнча жаңы айып угузулган. Экс-мэр ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Количество просмотров: 13