• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Алдаганды токтотолу да». Депутат Саламаттык сактоо министрлигинин ишин сынга алды

22 Жетинин айы 2023 11:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинети демилгелеп жаткан “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып жатат.

Жыйын учурунда депутат Камила Талиева сөз сүйлөп бул мыйзам долбооруна каршы экенин билдирди.

«Силер «Кыргызфармациядан» дары-дармекти толук кандуу албай жатасыздар. Бүгүнкү күнү «Неманга» окшогон көп компаниялардан дарыны силер жөн эле алып туруп реализация кылып берүүчү органга айланып калдыңар. Элге пайдасы тийсин деп жатабыз да, арзан-дары дармек болуп. Мамлекеттик дарыкана деп коюп тигил же бул дарыканалардын дармектерин кара күчкө салып, алып келип сатып жатасыздар. Бул мамлекеттик саясатпы? Аймактардагы элдерибиз ыйлап жатышат, дары кымбат, оору көбөйүп жатат деп», — деди депутат.

Эл өкүлүнүн сөзүнө жооп берген Саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов мамлекеттик дарыканалар дары-дармектерди компаниялардан дүң баада алып жатканын айтты.

Ал эми кайрадан сөз алган депутат Талиева бул тармактагы ишти көзөмөлгө алууну айтып, Бишкектеги бейтапканаларды кыдырууну сунуштады:

«Алыс барбай эле Бишкектеги поликлиникаларды кыдыргылачы, кезек! Бир киши ыраазы эмес Саламаттык сактоо тармагына. Келгиле алдаганды токтотолу да, алдап деле бүттүк окшойт. Бул мамлекеттик дарыканаңардан дагы дайыны жок болот акыры».

Количество просмотров: 132