Парламент жыйынында депутат Камила Талиева президенттин администрацисынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековго жооп берди.
«Бизге үйрөтүшпөсүн. Мыйзамдарды биз «семечкедей» чагып окуйбуз. 21-октябрда коомдук талкууга коюлган мыйзамдарды ачып окуп, комментарий берсек, комментарийлер кетпей турган коомдук талкууда. Мен бул мыйзамдарды 10 жолудан окуганмын. Себеби мурда маданият министри болгомун ошол үчүн «Эл акыны» наамы кандай ыйгарыларын билем», — деп жооп берди депутат.
Эске салсак, кечээ Орунбеков соцтармак аркылуу Талиеванын мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам долбоору жөнүндө пикирине комментарий берген. Ал депутатты Жогорку Кеңештин трибунасынан маселе көтөрүп жатканда, алгач тактап алып анан микрофонго сүйлөшү керектигин жазган.