Бүгүн, 20-январда ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин отурумунда депутат Камила Талиева Кыргызстан Гендердик теңчилик боюнча эл аралык конвенцияга кошулганы менен иш жүзүндө милдетин аткарбай жатат деп сындады.
«22 министрдин ичинен бир гана аял болчу, жакында дагы бир аял кошулду, бирок ал азырынча милдетин аткаруучу гана. Бул мыйзамдын талабы. Чет өлкөлөргө чыкканда биздин өкмөт мүчөлөрү «Эл аралык конвенцияны кабыл алдык, бизде гендердик теңчилик» деп мактанып жатат. Бирок иш жүзүндө ал сакталган жок да. Министрлердин 76 орун басары болсо, 13ү гана аял экен, бул 17% гана. Облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдө аялдар жок, акимдердин арасында аялдар жок, акимдердин 79 орун басарынын 28и аял. Акимдердин, губернаторлордун социалдык маселелер боюнча орун басарлары жалаң аялдар эле. Социалдык тармакты тейлеген вице-премьер-министрлер да аял болчу. Ошол кызматтардын баары алынып калды. Мэрлердин 48 орун басарынын ону гана аялдар экен. Ошондуктан бул мыйзамды эртерээк кабыл алып, анын аткарылышын талап кылышыбыз керек», — деди Талиева.
Бүгүнкү жыйында комитет мүчөлөрү “Гендердик теңчилик боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-окууда карады.