• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Алдамчылыкка шектелген БШК мүчөсү Эшимов жумушка чыкты

1 Бирдин айы 2022 16:41 Бишкек Govori.TV

Алдамчылыкка шектелип кармалган Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Акылбек Эшимов жумушка чыкты. Маалыматты Боршайкомдун басма сөз кызматы тастыктады.

Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси («Ири өлчөмдөгү алдамчылык») менен шек саналып кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 11-сентябрда маалымдаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Эшимовго каршы арыз түшкөн, кайрылган адам БШКнын мүчөсү «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганын билдирген. Акча 2020-жылы июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынганы, ал сөз ишке ашпай калгандан кийин анын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылганы белгиленген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту БШКнын мүчөсүн эки айга УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Акылбек Эшимов эч жакка кетпөө боюнча тил каттын негизинде камактан бошотулган.

Эшимов кызматтан кетүү боюнча арызын декабрь айында жазган. Бирок камактан чыккандан кийин ал кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын артка кайтарып алганы 26-январдагы парламент жыйынында белгилүү болду.

Количество просмотров: 72