• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

БШКнын мүчөсү Эшимов эки айга камалды

13 Аяк оона 2021 15:50 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимовдун бөгөт чарасы каралып, 11-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлады.

Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси («Ири өлчөмдөгү алдамчылык») менен шек саналып кармалып, камалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 11-сентябрда маалымдаган.

Атайын кызматтын кабарында, Эшимовго каршы арыз түшкөн, кайрылган адам БШКнын мүчөсү «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганын билдирген. Акча 2020-жылы, июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынганы, ал сөз ишке ашпай калгандан кийин акчанын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылганы белгиленген. Бишкектин Биринчи май райондук соту БШКнын мүчөсүн эки айга УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарган.

Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы Акылбек Эшимовдун кармалышына байланыштуу билдирүү жасап, БШК мүчөлөрү партиялардын талапкерлерин сунуштай албай турганын, аталган мекеме партиялардын мындай иштерине киришүүгө укугу жок экенин билдирген.

Количество просмотров: 206