• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

БШК Эшимовдун кармалышына байланыштуу билдирүү жасады

12 Аяк оона 2021 13:02 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Акылбек Эшимовдун кармалышына байланыштуу билдирүү жасады.

«БШКнын мүчөлөрү партиялардын талапкерлерин сунуштай албайт. Боршайком партиялардын мындай иштерине киришүүгө укуксуз. Саясий партиялардын талапкерлердин тизмесин түзүү иши — партиянын ички жумушу. Алар талапкерлеринин тизмесин өздөрү түзүп, курултайында бекитет», — деп жазылган маалыматта.

Анда Акылбек Эшимовдун иши тиешелүү органдар тарабынан калыс каралып, иликтенет деген ишеним кошумчаланган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кылмыш кодексинин 204-беренеси («Ири өлчөмдөгү алдамчылык») менен шек саналып кармалып, камалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 11-сентябрда маалымдаган.

Атайын кызматтын кабарында Эшимовго каршы арыз түшкөнү, кайрылган адам БШКнын мүчөсү «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганын билдиргени айтылган.
Акча 2020-жылы, июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынганы, ал сөз ишке ашпай калгандан кийин акчанын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылганы белгиленген.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту БШКнын мүчөсүн эки айга УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарган.

Количество просмотров: 1033