• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Сот алдамчылыкка айыпталган БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовду актады

13 Бугу 2022 12:08 Бишкек Govori.TV

Алдамчылыкка айыпталган БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовду акталды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот ишти карап, курамында кылмыш белгилери жок деген жүйө менен Акылбек Эшимовду актаган.

Эске салсак, Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси («Ири өлчөмдөгү алдамчылык») менен шек саналып, УКМК тарабынан кармалган.  Атайын кызмат Эшимов «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганы тууралуу арыз түшкөнүн маалымдаган. Акча 2020-жылы июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынганы, ал сөз ишке ашпай калгандан кийин анын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылганы белгиленген.

Кийин Эшимов үй камагына чыккан.

Количество просмотров: 59