• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Жогорку Сот БШКнын мүчөсү Эшимовду күнөөлүү деп тапты

11 Бугу 2023 14:08 Бишкек Govori.TV

Жогорку Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ири өлчөмдөгү алдамчылыкка байланыштуу айып тагылган Акылбек Эшимовго карата чыккан Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Эшимовду Биринчи май райондук соту «кылмыштын курамы жок» деген негизде былтыр апрелде актаган. 2022-жылы октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин жокко чыгарган. Ага ылайык, Эшимов күнөөлүү деп табылып, үч жылдык мөөнөткө пробациялык жаза өтөө тууралуу өкүм чыгарган.

УКМК 2021-жылы сентябрда Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси («Ири өлчөмдөгү алдамчылык») менен шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат Эшимов «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганы тууралуу арыз түшкөнүн маалымдаган. Акча 2020-жылы июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынганы, ал сөз ишке ашпай калгандан кийин анын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылганы белгиленген.

2021-жылдын аягында парламентте Эшимов БШКдан кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы айтылган. Бирок көп өтпөй, 2022-жылдын башында кайра жумушка чыкканы, кызматтан кетүү арызын кайтарып алганы белгилүү болгон.

Количество просмотров: 82