• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Александр Лукашенко Садыр Жапаровду Беларусь менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады

21 Үчтүн айы 202314:03 Бишкек Govori.TV

Беларусь президенти Александр Лукашенко президент Садыр Жапаровду Беларусь менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Достуктун жана сый-урматтын салттарына таянуу менен акыркы он жылдыкта биздин мамлекеттер татыктуу биргелешкен жолду басып өтүштү.

Минск менен Бишкектин өз ара аракеттенүүсү терең жана ар тараптуу мүнөзгө ээ болду. Соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык активдүү өнүгүп жатат, интеграциялык бирикмелердин алкагында конструктивдүү диалог түзүлдү.

Биргелешкен күч-аракеттер менен биздин өнөктөштүгүбүздүн бекем пайдубалы эки өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгында мындан ары да чыңдалат деген ишенимди билдирем», — деп айтылат куттуктоодо.

Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана Ата Мекендин жыргалчылыгы үчүн маанилүү ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Количество просмотров: 174