• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Алексей Навальный Орусияга кайтып келээрин билдирди

13 Үчтүн айы 2021 15:37 Бишкек Govori.TV

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 17-январда Москвага кайтып келээрин билдирди.

«Менин алдымда кайтып баруу же барбоо деген суроо эч качан болгон эмес. Анткени мен ал жерден кеткен эмесмин. Мени өлтүрүүгө аракет кылгандыктан улам Германияга реанимацияда жаткан абалда жеткирилгем. Орусия менин мекеним, Москва менин шаарым, мен аларды сагындым», — деп жазды саясатчы «Инстаграмдагы» баракчасына.

Навальный быйыл августта Томск шаарынан Москвага бараткан учакта өзүн жаман сезип, учак жакыныраак жердеги Омск шаарынын аба майданына чукул кондурулган. Жергиликтүү ооруканада жардам көрсөтүлгөн соң, комага түшкөн саясатчы атайын учак менен Берлиндеги клиникага жеткирилген. Ал жерде бир нече европалык лаборатория Навальный «Новичок» тобундагы уулуу зат менен ууландырылганын ырастаган.

Орусиянын бийлиги саясатчыга кол салуу фактысын четке кагып, анын ууландырылышы боюнча тергөө иштерин баштабай келет.

Өткөн айда эл аралык журналисттер тобу «Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун» негиздөөчүсүнө кол салууга ФСБнын тиешеси бар болушу ыктымал экендиги айтылган иликтөө жарыялашкан.

Количество просмотров: 58