Россияда оппозиционер Алексей Навальныйдын катчысы Кира Ярмыш кармалды.
Ярмыш өзү Твиттердеги баракчасы аркылуу түнкүсүн административдик кармоолорго байланышкан камерада калганын, соту бүгүн боло турганын айтан.
Ага карата 2 протокол түзүлдү. Бири митинг өткөрүүдөгү эреже бузуу боюнча, экинчиси полиция кызматкеринин талабын аткарбаганы менен байланыштуу.
Алексей Навальныйды «Шереметьево» аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкен. Ал Москвага Берлинден учуп барган болчу. Кийинчерээк соттун чечими менен убактылуу камакка алынды.