Учурда Орусиянын ири шаарларында камакта жаткан оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акция өтүүдө.
Орусиялык оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйга колдоо көрсөткөн акция Бишкекте да болуп өттү.
Өзүн Дмитрий деп тааныштырган адам Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына барганын, колундагы ураан-жазуулардын бирин милиция алып койгонун Current Time Asia телеканалынын кабарчыларына айтып берген..
Эске салсак, 23-январда Орусиянын көптөгөн аймактарында убактылуу абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды боштондукка чыгаруу жана жемкорлукту иликтөө талаптары менен нааразылык жыйындары байма-бай өткөрүлүп жатат.