• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Альфа» кызматкерлери Кой-Ташта Атамбаевдин дарыгерин сабашкан деген видео тарады

22 Үчтүн айы 2021 13:35 Бишкек Govori.TV

«Альфа» атайын багыттагы аскерлер Кой-Ташта бейкүнөө жана жардамга муктаж болгон Алмазбек Атамбаевдин жеке дарыгерин сабашкан. Мындай аталыштагы видео фейсбук баракчасына активист Кундуз Ажибекова жарыялады.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында анын Кой-Таш айылындагы үйүндө болгон.

Анда тараптардын кагылышуусунан улам, УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 100дөн ашык киши жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Азыр күбөлөр суралууда. 250дөй күбөнүн ондон ашыгы суралып бүттү.

Учурда Алмазбек Атамбаев камакта.

Соттук отурумдардын биринде Кой-Таш окуясы боюнча иште шектүү катары өтүп жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков дал ушул операция учурунда каза болгон аскердин апасы менен кайым айтышып кеткен. Маркумдун апасы Жээнбековду «сенин балаң киши өлтүргүч» деп айтканы үчүн сотко бергенин билдирген.

Количество просмотров: 362