• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Алга Кылычевге ок атты делген депутат кармалды

8 Баш оона 202110:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык кеңешинин 38 жаштагы депутаты Т.Т. Бишкек ШИИББдин абагына камакка алынды.Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Т. Т. «МР-79-9» травматикалык тапанчасын бир огу менен чогуу тапшырган. Ал ээнбаштыкка шектелүүдө.

Эске салсак, 7-августта эртең менен болжол менен саат жетиде тез жардам кызматынын дарыгерлери милицияга Ак-Өргө конушунун жашоочусу К.А.нын бутуна ок атылганын билдиришкен. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Бирок алар баргыча К.А. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилген.

Количество просмотров: 1428