• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Алгачкы электробус көчөлөрүнө чыкты

10 Аяк оона 2019 11:14 Бишкек Govori.TV

Сентябрдын башында Ташкентке алып келинген электробус 7-сентябрда биринчи жолу шаар көчөлөрүнө чыкты.

«Тошшахартраншизмат» маалымдагандай, электробустун алгачкы жүргүнчүлөрү аталган компаниянын жетекчилери жана журналисттер болду.

Vitovt Electro E420 суперконденсаторлор базасында электр кубатынын запасын сактоо системасы менен жабдылган. 21-25 чакырымга чейин электр энергиясы менен жүрөт, 6-8 мүнөт ичинде дүрмөттөлөт. Электробуска орточо 90 жүргүнчү батат.

Vitovt Electro E420 автобусу белорусиялык “Белкоммунмаш” компаниясы тарабынан чыгарылган.

Электробус Ташкентке сыноо иретинде алынып келген.

Количество просмотров: 137