• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Али Токтакунов: Депутат Нарматова өзүн-өзү сотко берсин

15 Кулжа 2023 14:43 Бишкек Govori.TV

Биз кандай гана доосу болбосун жооптошконго даярбыз Бул тууралуу «Медиахабдын» негиздөөчүсү Али Токтакунов билдирди.

«Бүгүн ЖК жыйынында депутат Надира Нарматова биздин журналист Асель Шамилованы сотко берем деп чамынып чыкты. Ал кечээ жарыялаган видеобузга катуу чычалап атат. Мен командировкада элем, Нарматовага байланыштуу фактчек дагы жумшагыраак болуп калыптыр. Мындан да катуу сынга арзый турган депутат өзү. Биз кандай гана доосу болбосун жооптошконго даярбыз. Ууру-жемкорлорду, аларды мактап табакташ болгондорду, элди соргон мителерди безге сая бериш керек. Ал үчүн соттошуунун өзү сыймык»,-деп жазды Токтакунов.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бүгүн, 15-июнда “МедиаХабдын” журналисти Асел Шамилованы сотко берерин билдирди. Ал журналист анын кадыр-баркына шек келтиргенин айтат.

“Медиахабдын” видеосу ютубдагы каналына чыккан. Анда “Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап, документтин 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаганы айтылып, ошондой эле депутаттын бейнеси тууралуу кеп кылынган.

Количество просмотров: 165