• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Депутат Нарматова Орусиянын консулдугу жайгашкан имарат ага таандык экенин айтты

22 Бирдин айы 2024 10:58 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова 22-февралда парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып Орусиянын Ош шаарындагы консулдугу жайгашкан имарат ага таандык экенин ырастады.

“2009-жылы насыяга алган имаратка ушул күнгө чейин насыя төлөп келем. Мен аны бир жерден алып алган жерим жок. Кыргызстандын катардагы жараны катары мен ижарага бергем. Ал имаратты орус мамлекетинин консулдугу пайдаланып келет. Мыйзам боюнча эки тараптуу келишим Мамлекеттик каттоо кызматынан да бекитилген”, — деди ал.

Буга чейин “ПолитКлиника” медиасы 2022-жылы Орусиянын Ош шаарындагы консулдугу жайгашкан имарат Надира Нарматовага таандык экенин жазган. Иликтөөчү журналисттер Орусиянын дипломатиялык консулдугу имаратты 2009-жылдан бери ижарага аларын аныкташкан. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин маалымат базасынан алынган расмий документтердин сүрөтү кошо жарыяланган.

Эске салсак, 20-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутат Надира Нарматова “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун күн тартибине киргизүүнү күтүүсүз сунуштаган.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунан кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алынганы белгилүү болду.

Буга чейин Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүү боюнча, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Мыйзам долбоорунун демилгечилери башта жазаны беш жылдан 10 жылга чейин деп сунуш кылышкан.

14-февралдагы комитет жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев мыйзам долбоорундагы кылмыш-жаза жоопкерчилигин алып салууну сунуштап, артка кайтарылган.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

Жогорку Кеңештин да айрым депутаттары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын айтышууда.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 149