• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Али Токтакунов журналисттик ишмердигин токтотуп, эмнеге Бишкекке келди?

8 Тогуздун айы 202020:29 Бишкек Govori.TV

«Белгисиз мөөнөткө журналисттик ишмердигимди токтоттум. Менин иш-аракетимди «Азаттыктын» позициясы катары кабыл албоону өтүнөм». Мындай кайрылууну журналист Али Токтакунов өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Ал видео-кайрылуусунда азыркы кырдаалга байланыштуу өлкөнү турукташтырууга жардам берерин билдирген.

«Кырдаалга байланыштуу бир жардамым тиер деген максатта, мына ушул мөөнөттөрдөн тарта журналисттик кызматымды токтоттум. Эми мындан ары белгисиз мөөнөткө чейин менин кылган иштерим «Азаттыкка» эч кандай байланышы жок, ал Али Токтакуновдун кылган иштери болот», — деди ал.

https://www.facebook.com/100000439306573/videos/3588913394466602

Буга чейин коомчулукта Али Токтакуновдун талапкерлиги премьер-министрликке сунушталып жатканы айтылган болчу. Бул кептерге Токтакунов өзү жооп берип: «мени премьер-министрликке сунуштоо идеясы алдын ала мени менен кеңешилген эмес. Бул сунуштан баш тарттым. Мага азыр кандайдыр кызмат, мансап эмес, өлкөнүн бүтүндүгү, стабилдүүлүк маанилүү», — деп жооп берген.

Количество просмотров: 4283