• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аликбек Жекшенкулов: “Кытайга жер берип салды дегендер мурдагы бийликтин бузукулары”(видео)

4 Кулжа 2018 16:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.06.2018. Govori.TV

“3,5 га жерибизди Кытай элчилигине берип салды” дегендер мурунку бийликтин адамдары, алар чагымчылдык кылып, азыркы бийликти элге жаман көрсөтүү аракетин кылып жатышат. Мындай пикирди коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов билдирди.

Анын айтымында, элчиликке 49 жылга ижарага берилген жер мамлекеттик, дипломатиялык чечим болуп саналат.

“Атамбаевдин бийлигинин тушунда айрым өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелерде доо кетти. Эми дагы бийликтен кетип алып, эл аралык маселелерде бузукулук кылып жатышат. Учурунда өздөрү Кытайлар менен ымалалаш болуп, ортодо ири пайдага отуруп, ири долбоорлорду алып келишкен. “Жерди берип салды” дегизип, бийликти элге жаман көрсөткүлөрү келип жатышат”, — деди Аликбек Жекшенкулов.

Жекшенкулов белгилегендей, бул жер Аскар Акаевдин президенттигинин тушунда эле чечилген маселе.

Мындан тышкары ал, “3,5 гектар жер үчүн Пекинден берилген 25 сотых жер тилкеси 7-8 эсе кымбат турат” дейт.

Количество просмотров: 10